• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында ММА эрежесиз таймашы боюнча Азиянын чемпионаты өтөт

Спорт 0

Ош, 12-апрель /Ерлан Тургунбаев-Кабар/. 2017-жылы 19-22-майда Ош шаарынын А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда ММА эрежесиз эр таймашы жана панкратион \ боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу ММА эрежесиз эр таймашы жана панкратион боюнча федерациянын президенти Улукбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, чемпионатка дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн, атап айтканда Афганистан, Кытай, Тайлея, Индия, Иран, Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Сингапур, Түштүк Корея, Тажикстан жана Өзбекстандан спортчулар катышат. Азыркы учурда стадионду жакшыртуу жана алдыдагы чемпионатка даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын намысын 8 спортчу коргойт.

ММА эрежесиз мушташы жана панкратион боюнча федерация 2013-жылы түзүлгөн жана эл аралык ассоциациянын мүчөсү болуп саналат, анын президенти Федор Емельяненко.

Пикир

Оставить комментарий