• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Хабиб Нурмагомедов Макгрегор менен 100 миллион долларга реванш өткөрүүгө даяр

Спорт 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен 100 миллион долларга реванш өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Россиялык мушкердин атасы Абдулманап Нурмагомедовдун айтымында, Дэйна Уайт 100 миллион доллар төлөсө, Нурмагомедов беттешүүгө даяр.

"Биз дагы Конор менен реванш өткөрүүгө кызыкдарбыз. Фергюсон менен боло турган беттештен кийин 100 миллион доллар даярдап койгула. Билбейм, балким Дэйна Уайт каалап жатса, эки мушкердин беттешин өткөрүп калат", - дейт мушкердин атасы.

Нурмагомедов менен Макгрегордун таймашы 2018-жылы өтүп, анда техникалык нокаут менен россиялык мушкер жеңип кеткен.

Эскерте кетсек, кечээ, 19-январда Макгрегор Лас-Вегас шаарында UFC 246 мелдешинин алкагында америкалык Дональд Серроне менен беттеш өткөрдү. Анда Конор каршылашын 40 секундда техникалык нокаут менен утуп алды.

Пикир

Оставить комментарий