• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оор беттеш болду — Тарковичтин Оман менен болгон беттештен кийинки комментарийи

Спорт 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылкы Азия Кубогундагы оюндарын жыйынтыктады.

Турнирдин "F" тайпасынын жыйынтыктоочу турунун алкагында күн мурун Кыргызстан менен Омандын курамалары Абдулла бин Халиф стадионунда оюн өткөрдү.

Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Бирок мындай жыйынтык эки курамага тең пайда алып келген жок. Мунун жыйынтыгы менен алар Индонезияга плей-оффко жолдомо тартуулашты.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович оюндан кийин комментарий берип, оор беттеш болгондугун жашырган жок.

"Тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз дагы эле бар болчу. Биз эки гол айырмасы менен жеңишке жетсек, кийинки баскычка чыкмакпыз", - деп, турнирдин алдында улуттук курамда көйгөйлөр болуп, даярдык учурунда үч негизги оюнчу жаракат алып калгандыгын кошумчалады.

"Бүгүнкү беттештен болсо эки оюнчу четтетилип, Бекжан менен Кайрат физикалык жактан даяр эмес болуп калды", - деди башкы машыктыруучу.

"Ак шумкарлар" менен жарым жылдан ашык убакыттан бери иштеп жаткан Таркович аталган аралыкта чоң өзгөрүүлөр болду дейт.

"Мен үчүн оюнчуларды жакындан таануу абдан маанилүү. Команда менен үзгүлтүксүз иштешкен 50 күндүн ичинде кыргыз футболчуларынын менталитети жөнүндө көбүрөөк билдим деп айта алам", - деди ал.

Штефан Таркович Азия Кубогуна оюнчулар кылдаттык менен даярданышкандыгын айтып, бирок ал "Ак шумкарлардын" Таиландга каршы оюну менен абдан нааразы болгондугун кыйытты.

"Ал оюн абдан начар болуп калганы мени абдан капалантат. Бирок, акыркы эки беттеште биз өзүбүздүн оюнубузду көрсөтө алдык. Айып аянтчаларда чечим кабыл алуунун үстүнөн иштешибиз керек. Кантсе да команда бул турнирдеги оюнчулардын курагы боюнча эң жаш курамалардын бири болду. Курам күчтөнөт, бирок бул үчүн көбүрөөк убакыт жана чыдамдуулук зарыл. Бул команда 2-3 жылдан кийин эң мыкты көрсөткүчтөргө жана ийгиликке жетет деп ишенем", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий