• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Саламаттык сактоо министри бир катар медициналык окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Ден соолук 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бир катар медициналык окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрликтен билдиришкендей, Бейшеналиев Эл аралык медициналык университетине, Евразия эл аралык университетине пландан тышкаркы иш сапары менен барып, окуу жана практикалык сабактарды өткөрүү процесси менен таанышты. Ал ошондой эле студенттер практикалык көндүмдөрдү алган университеттин клиникасында болду. Андан соң ЭМУнун колледжине барды.

Министр ЖОЖдор менен колледждердин материалдык-техникалык базасы жана жабдылышы жакшы экендигин белгиледи. Колледжде “Фармация” адистиги боюнча студенттерди даярдоо багыты жана “Кыргыз Республикасынын эндемикалык дары өсүмдүктөрү” бөлүмүнүн илимий темасы, ошондой эле паллиативдик жардам көрсөтүү жана кам көрүү боюнча орто медицина кызматкерлерин даярдоодо окуу процессинин багыты өзгөчө кызыгууну жаратты.

Билим берүү мекемелеринин жетекчилиги министрге ЖОЖдордун жана колледждердин ишмердүүлүгү боюнча учурдагы абал, анын ичинде бул жерде ишке ашырылып жаткан окуу процессинин сапатын камсыздоо жана инфраструктураны модернизациялоого багытталган долбоорлор менен тааныштырды. Билим берүү мекемелерин мындан ары өнүктүрүүнүн пландары сунушталды. ЭМУ эл аралык окутуу стандарттарына ылайык программалык аккредитациядан өткөнү белгиленди. Бүгүнкү күндө университетте 1200дөн ашык чет элдик студенттер медициналык билим алышат.

Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 10-январында пакистандык кесиптеши менен жолугушууда Кыргызстандын медициналык окуу жайларында алардын жарандарына медициналык билим берүүнүн сапаты тууралуу маселе көтөрүлгөн. Анда министр Кыргызстандагы медициналык ЖОЖдордун ишин эл аралык билим берүү талаптарына шайкештигин текшерүүгө даяр экенин билдирген.

«Бүгүн Эл аралык медициналык университетине барып, 2022-жылдан бери белгилүү иштер аткарылганына, университет эл аралык аккредитациядан өткөнүнө, өзүнүн университеттик клиникасы жана тиешелүү профессордук-окутуучулук курамы бар экенине ынандым», - деди министр.

Мындан тышкары министр студенттер менен баарлашып, алардын милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал “Кыргызстандагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы менен камсыздандыруусу жок чет өлкөлүк студенттер медициналык кызматка студент катары эмес, чет мамлекеттердин камсыздандырылбаган жарандары катары төлөшү керектигин баса белгиледи. Андыктан бул маселени ийгиликтүү чечүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги гана эмес, ошондой эле ар бир медициналык окуу жайдын жетекчисинин активдүү катышуусу зарыл.

Өз кезегинде, ЖОЖдордун жетекчилиги министрди бул багытта иш жигердүү жүрүп жатканын, бардык студенттер жүз пайыз медициналык камсыздандыруудан өтөрүнө ишендиришти.

Пикир

Оставить комментарий