• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Ден соолук кербени" долбоорун ишке ашыруу үчүн Россия Кыргызстанга 2 млн доллар берет

Ден соолук 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. "Ден соолук кербени" долбоорун ишке ашыруу үчүн Россия Кыргызстанга 2 млн доллар берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, 14-февраль күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев "СПИД Инфосвязь" коомдук фондунун башчысы Елена Перышкина жана фонд өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда "Ден соолук кербени" долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлган.

Ал долбоордун алкагында алыскы аймактарда калкты профилактикалык текшерүү иштери үчүн Кыргызстанга 2 автопоезд (түндүк жана түштүк регион үчүн) берилет. "Ден соолук кербени" долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык өнүктүрүү фондунун эсебинен Кыргызстанга грант катары 2 млн доллар берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий