• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бир суткада инфекциялык ооруканага 82 бала жаткырылды

Ден соолук 0


Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Бишкекте бир суткада 250 адам инфекциялык ооруканага кайрылып, анын ичинен 87си ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, ооруканага жаткырылгандардын 82си балдар, анын 23 учуру ичеги-карын инфекциясы.

"Кайрылгандардын барында ичеги-карын инфекциясы болгон - жүрөк айлануу, кусуу, ич өтүү жана дене табынын жогорулашы. 4 бала ичеги-карын инфекциясы менен жандандыруу бөлүмундө жатат", - деди ал.

Ал ооруканада жалпы 393 бейтап дарыланууда, анын 30%ында ичеги-карын инфекциясы экенин кошумчалады.

Ошондой эле курч вирустук инфекция, менингит, кызамык менен ооруган бейтаптар бар экенин кошумчалады.

"Бир күндө кызамык менен 5-6 адам кайрылууда", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий