• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кой-Таштагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн-өзү атып алган

Кырсык 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттө кызматын өтөп жаткан 22 жаштагы Ж.Э., өзүн-өзү атып алган. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдерет.

Маалыматка ылайык, окуя 4-июлда саат 02:00дөр чамасында болгон. 22 жаштагы жоокер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктан улам өзүнө ок чыгарып алган. Жоокер алган жаракатынан көз жумган.

Окуя болгон жерде Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилиги, Аскердик прокуратурасынын кызматкерлери, Аламүдүн райондук милициясынын эксперттери жана №02625, №73809 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын курамынан түзүлгөн комиссия иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий