• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ бөлүмүн куруу сунушталды

Ден соолук 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен «Ас-Сафа» Кувейт кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү, шейх Мухаммад Абдурахман Альшаянын жолугушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты талкуулап, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ бөлүмүн куруу сунушу негизги пункттардын бири болду. Министр республиканын алыскы аймактарын кошкондо медициналык уюмдардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул жолугушуу калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууда Саламаттык сактоо министрлиги менен коомдук уюмдардын өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн белгилейт.

Тараптар саламаттык сактоо системасын мындан ары жакшыртуу жана жарандарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында келечекте жемиштүү кызматташууга үмүт артышты.

Пикир

Оставить комментарий