• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Евро-2020: Чейрек финалга чыккан командалардын ойной турган күнү жана сааты белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Футбол боюнча Европанын чемпионатынын 1/8 финалынын оюндары жыйынтыкталды.

УЕФАнын маалыматы боюнча, чемпионаттын чейрек финалында ойной турган 8 команда белгилүү болду.

Алар:

Швейцария — Испания, 2-июлда Бишкек убактысы менен саат 22:00;

Бельгия — Италия, 3-июлда саат 01:00;

Чехия — Дания, 3-июлда саат 22:00;

Украина — Англия, 4-июлда саат 01:00.

Эскерте кетсек, 2016-жылдагы чемпионатта Португалиянын курамасы финалда Францияны 1:0 эсебинде жеңип, кубокко ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий