• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Расмий: Азамат Байматов индонезиянын “Борнео” ФК менен келишим түздү

Спорт 0

Бишкек, 08.01.18. /Кабар/. Кыргызстандын улуттук курамасынын капитаны жана коргоочусу Азамат Байматов индонезиялык “Борнео” футбол клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу футбол Федерациясынан кабарлашты.

“Улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов дарыгерлердин текшерүүсүнөн натыйжалуу өтүп, бүгүн индонезиянын “Борнео” футбол клубу менен келишим түздү”,-деп кабарлашты федерациядан.

Келишим бир жылга түзүлдү. Байматов №7 сан менен ойнойт.

Эске сала кетсек, Азамат Байматов мурда Омандын "Сохар" клубунун атынан ойногон.

Пикир

Оставить комментарий