• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алгачкы жолу жаштар арасында футбол боюнча турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 06.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу 25 жаштан 35 жашка чейинки жаш мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, өнөр адамдары, дарыгерлер, мугалимдер, ишкерлер, журналисттер жана башка ар тармактуу жаштардын башын бириктирген "Келечек" кичи футбол боюнча турнири старт алды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, блогерлер, ырчылар, эл өкүлдөрү, дарыгерлер, журналисттер жана мугалимдер командалары катышты.

  • Жеңүүчүлөр

1-орун - “Дарыгерлер” 50 миң сом байге;

2-орун - “Журналисттер” 30 000сом;

3-орун - "Өнөр" 20 000сом командасы алса,

4-орунга "Мамлекеттик кызматкерлер" командасы 10 000сом байгеге ээ болду.

Мындан тышкары:

"Мыкты оюнчу"- Мирлан Кубанычбеков (Дарыгер командасы);

Мыкты бомбардир" - Бекболсун Молдояр уулу (Блогерлер командасы);

"Мыкты дарбазачы" - Азат Сагынов (Мамлекеттик кызматкерлер командасы);

"Мыкты коргоочу" - Адилет Султаналиев (Өнөр командасы);

"Мыкты күйөрман" - Темирлан Ишенов номинациялары берилди.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Келечек" турнирин өткөрүүгө салым кошкон өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирип, кийинки оюн эстафета менен Ош шаарына берилди.

Пикир

Оставить комментарий