• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык боксчу Мухаммадазиз Закиров КМШ оюндарында экинчи орунду алды

Спорт 0

Орша, 12.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Мухаммадазиз Закиров Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында күмүш утту.

Бокс боюнча мелдештер 6-августтан 12-августка чейин Беларустун Орша шаарында өтүүдө.

Закиров 80 кг чейинки салмакта катышып, 1/4 финалдык беттеште түркмөнстандык мушкерди жеңген. Ал эми жарым финалда Беларусь мушкерин утуп, финалга чыккан.

Финалдык беттеште Өзбекстандын мушкери менен күч сынашып, жеңилүү ызасын тартып калды.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык боксчулар Зафарбек Камилов жана Алмаз Орозбеков күмүш медаль жеңген.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4 августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий