• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө 11-майда эл аралык марафон өтөт

Спорт 0

Бишкек, 14.01.19./Кабар/. Бул жылы Run the Silk Road эл аралык марафону 11-майда өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык тармактарда билдиришкен.

Жарыш Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Этно маданиятты, жылкы спорту индустриясын өнүктүрүү жана асыл тукум өстүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын аймагында өтөт.

Жөө күлүктөр 42 чакырым 195 метр, 21 км 97 метр, 10 миң метр жана 3 миң метрге, скандинав жөө жүрүшү боюнча 3 миң метрге жарышышат.

Пикир

Оставить комментарий