• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Бишкекте 24-26-ноябрь күндөрү оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ортосунда өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Нидерландиянын спортчулары катышат.

Спортчулар күч сынашчуу салмак чендери:

  • Эркектер арасында: 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109;
  • Кыз-келиндер арасында: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг.

Эл аралык мелдеш кыргыз жана советтик оор атлетчи, Европанын эки жолку жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиӊирген спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген машыктыруучусу, III даражадагы "Манас" орденинин ээси Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык маарекесине арналган.

Пикир

Оставить комментарий