• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КМШ оюндары: Кыргызстандык спортчулар 30 медалга ээ болду, экөө алтын

Спорт 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Татарстандын борбору Казань шаарында 4-сентябрдан 11-сентябрга чейин өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн I оюндарына катышууда.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата кыргызстандык спортчулар 30 медалга ээ болду, анын ичинен экөө алтын медаль: күрөш жана бел боо күрөшү боюнча.

Оюндарга КМШнын 9 өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргызстандан 14 жаштан 23 жашка чейинки 1 миңден ашуун спортчу катышууда. Катышуучулар спорттун 16 түрү боюнча 182 комплект сыйлыктар үчүн ат салышууда.

КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин чечиминин негизинде оюндардын уюштуруучулары катары Россиянын Спорт министрлиги, Татарстан Республикасынын өкмөтү жана КМШ Өкмөт башчыларынын кеңеши саналат.

Белгилей кетсек, оюндардын ачылыш аземи Универсиада айылында 2021-жылдын 4-сентябрында болгон. КМШнын 9 өлкөсүнүн спортчулары улуттук желектер менен улуттук ырлардын жана бийлердин коштоосунда жүрүшкө чыгышкан. Оюндардын ачылыш аземине Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчи–кичи элчиси А.Эркин катышты.

Пикир

Оставить комментарий