• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл өлкөдө 4 аэропортту реконструкциялоо жана модернизациялоо пландаштырылууда

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому 2022-жылы бир нече аэропортту реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы күтүү залынын ачылышында «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта төмөндөгү объектилердин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга конкурс жарыяланган:

- «Каракол» аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу жана жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен аэродромдун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоо.

- «Баткен» аэропортунун аэродромунун элементтерин реконструкциялоо.

«Долбоор иштелип чыккандан кийин биз, быйылкы жылы «Каракол» аэропортунун жаңы аэробекетинин курулуш-монтаждоо иштерин жана «Каракол» менен «Баткен» аэродромдорунун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоону пландаштырып жатабыз. Ошондой эле, «Ош» эл аралык аэропортуна жүк терминалын куруу жана «Нарын» аэропортуна жалпы аянты 530 чарчы метр болгон жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу маселеси каралууда. КР президенти Садыр Жапаров биздин алдыбызга койгон, Кыргызстандын аэропортторун жакшыртуу жана өнүктүрүү, кирешени көбөйтүү жана каттамдардын географиясын кеңейтүү боюнча бардык пландарыбызды жана милдеттерибизди ишке ашырууга аракет кылабыз», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий