• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы жумада 21,3 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 13-майдан 19-майга чейинки аралыкта өлкө аймагында айдоочулар тарабынан 21 миң 351 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-171;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -142;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-51;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-363;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-6 427;
- авто ээнбаштык - 4;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 580;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 2;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 611;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 59 унаа айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий