• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте түтүктөр жарылып, жолдорду суу капташы мүмкүн: жылуулук тармактары текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүндө жылуулук тармактарын сыноо жүргүзүлөт, деп билдирет "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы.

Маалыматка ылайык, бул иштер жылуулук тармактарынын бекемдигин текшерүү максатында жүргүзүлмөкчү. Ишканадан буга байланыштуу түтүктөр жарылып, жолдорду суу капташы мүмкүндүгүн эскертишти.

"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы жарандарды сак болуп, жолдо катталган кырсыкка күбө болгондорду кабарлап коюуну суранат.

  • диспетчердик кызмат — 0312 56 85 58;
  • керектөөчүлөрдү колдоо борбору — 0312 61 11 69, 1980, 0557 61 11 66, 0777 61 11 66, 0701 61 11 66.

Оңдоо иштери жүргүзүлө турган тилкелер:

  • Шаардын түндүк тарабы — Лев Толстой көчөсүнүн ЖЭБден Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү ("Мадина" базары жакта);
  • темир жол линиясынын жээги ЖЭБден Ибраимов көчөсүнө чейин;
  • Шабдан баатыр проспектисинин Достоевскийден 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Чүй проспектисинин 7-апрелден Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Ибраимов көчөсүнүн Чүй проспектисинен темир жолго чейинки бөлүгү;
  • Борбор калаанын түштүк тарабы — Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн темир жолдон Кулатовго чейинки бөлүгү.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте бир айга ысык суу өчүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий