• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. Баткенде чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн 50 жаштагы Д.Ш. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жаран Кыргызстандын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө бир нече жолу мыйзамсыз кирип-чыккандыгы аныкталган.

Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий