• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статком жана «БУУнун-Аялдар» түзүмү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Коом 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук статистика комитети жана «БУУнун-Аялдар» түзүмү гендердик статистика жаатында кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Статкомдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Документке Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жана Кыргызстандагы «БУУнун-Аялдар» түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран кол койду. Меморандумдун максаты — Кыргызстанда гендердик статистиканы өндүрүүнү, талдоону жана жайылтууну өркүндөтүү.

Меморандумга кол коюу КР Улуттук статистикалык системасында гендердик аспектилерди эске алуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

Ошондой эле, Меморандумдун негизинде өтө турган иш-чаралар туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында гендердик теңчиликке жетишүү деңгээлин сапаттуу маалыматтарды түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүгүн берет.

Тараптар төмөнкү меморандум көп жылдык кызматташтыктын жаңы баскычы болуп гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында прогресске өбөлгө болооруна ишенет.

Пикир

Оставить комментарий