• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте жыл башынан бери 170 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталган

Коом 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Бишкек шаарында 2022-жылдын 6 айында жалпысынан 170 миң 35 жол эрежесин бузуу боюнча протоколдор (ЖКК) түзүлгөн. Бул тууралуу "кабар" маалымат агенттигинде Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков билдирди.

Анын маалыматына караганда, протоколдор төмөндөгүдөй бузуулар үчүн толтурулган:

- коопсуздук курунун жоктугу жана мотошлемди колдонуу эрежесин бузуу — 40 миң 999;

- жөө адамдардын жана велосипедисттердин катышуусунда — 11 миң 475;

- мас абалында унаа башкаруу — 1 миң 574;

- тиешелүү документтин жоктугу — 1 миң 98;

- мыйзамсыз тонировка — 395;

- жасалма номер тагуу — 41;

- унаа ээнбаштык — 26;

- башка мыйзам бузуулар — 22 миң 313.

Ал ушул аралыкта 12 миң 590 унаа айып короосуна токтотулганын кошумчалады. "Мыйзам бузуулар үчүн мамлекеттик бюджетке 76 млн 60 миң 95 сом өндүрүлдү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий