• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Бишкектин аймагында 21 адам жол кырсыгынан каза болду

Коом 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Жыл башынан бери Бишкек шаарынын аймагында 1 миң 340 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын башчысы Алмаз Исаков билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыктарынан жалпы 1 миң 726 адам жабыркап, 21 адам каза болгон.

“Жол кырсыгынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 3 пайызга, жабыркагандар 5 пайызга көбөйүп, ал эми каза болгондордун саны 25 пайызга азайган”, - деди ал.

Ал белгилегендей, жол кырсыгынын дээрлик 40 пайызы жөө адамдардын туура эмес жерден өткөнүнөн улам катталган.

"Жыл башынан бери борбордо жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн 723 учур катталган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий