• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жайыл жана Панфилов райондорундагы 200дөй скважина калыбына келтирилет

Коом 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорундагы 200дөй скважина калыбына келтирилет. Бул тууралууу “Кабар” агенттигине Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдылбай Жайлобаев билдирди.

Анын айтымында, антикризистик чаралардын алкагында эки райондогу совет мезгилиндеги скважиналар оңдолот.

“Совет мезгилинде өлкөдө 5 миң скважина болгон. Учурда алардын абалдары каралууда. Алдыда өлкө аймагындагы скважиналарды калыбына келтирүүнү пландап жатабыз. Катар фонду каржылык жактан жардам берүүнү айтып жатат”, - дейт ал.

Жайлобаев Чүй облусуна ошондой эле суу сактагычтар курула турганын кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий