• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

10-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 6-7-8-9-10-майда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

5-7-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2020-жылдын 5-7-майларында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

6-майда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 6-майда күндүз жана 7-майда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда күндүз жана 9-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-майда күндүз жана 10-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

6-8-майларда жана 9-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

9-майда күндүз, 10-майда түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-10-майларда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

6-майда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мөндүр жаашы мүмкүн. 6-майда күндүз жана 7-майда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт .

8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда күндүз жана 9-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-майда күндүз жана 10-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-майда күндүз жана 7-майда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда күндүз жана 9-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-майда күндүз жана 10-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

6-майда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 6-майда күндүз жана 7-майда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 8-майда күндүз жана 9-майда түнкүсүн жаан-чачын күтулбөйт. 9-майда күндүз жана

10-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 9-10-майларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-майда күндүз жана 7-майда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда күндүз жана 9-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-майда күндүз жана 10-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий