• 88.68
  • 95
  • 0.95

Панфилов дивизиясына 81 жыл толду

Коом 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В. Панфилов атындагы Кызыл Туу, Ленин, Суворов ордендүү 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөндүгүнүн 81 жылдыгына карата Бишкектин борборунда жайгашкан Панфиловдун эстелигине гүл чамбарлар коюлду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Коргоо министрлигинин өкүлөрү, Панфилов дивизиясынын кошуундарынын, бөлүктөрүнүн өздүк курамы катышты.

Ошондой эле генерал-майор И.В. Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын аскер бөлүктөрүндө да бул күн белгиленүүдө.

Маалымдама: 316чы аткычтар дивизиясы Орто Азия аскер округунун командачысынын №0044 буйругу менен 1941-жылдын 12-июлунда түзүлгөн. Дивизияны түзүү жана ага колбашчылык кылуу Кыргыз ССРнин аскер комиссары генерал-майор И.В.Панфиловго тапшырылган.

1941-жылдын 17-ноябрында 316-аткычтар дивизиясы согушта көрсөткөн баатырдыктары жана каармандыктары үчүн 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деген жаңы аталышка ээ болот. СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Жарлыгы менен дивизия Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланат.

1941-жылдын 3-ноябрында 8-гвардиялык аткычтар дивизиясына генерал-майор И.В.Панфиловдун ысымы ыйгарылат.

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде көрсөткөн эрдиги жана тайманбаган кайраттуулугу үчүн И.Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын 34 аскери Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан, 29 - Ленин ордени менен, 281 – Кызыл Туу ордени менен, 53 – Александр Невский атындагы орден менен, 391 – 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен, 1783 – 2-1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен, 4747 – Кызыл жылдыз ордени менен, 41 – 2-1-даражадагы Даңк ордени менен, 2061 – 3-даражадагы Даңк ордени менен сыйланышкан.

Пикир

Оставить комментарий