• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ички иштер министри Ала-Букада милициянын жаңыланган имараты менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ала-Букада милициянын жаңыланган имараты менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын ички бөлмөлөрү жана сырты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Оңдоо иштери ИИМдин жана жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашкан.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте 30дан ашуун жерге видеокамералар орнотулуп, райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө туташтырылган. Коомдук жайлардагы тартипти нөөмөттө турган кызматкер көзөмөлгө алып турат.

Ала-Бука районунун элине сервистик тейлөө көрсөтүү жана милиция кызматкерлерине түзүлгөн шарт менен таанышууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө оңдоо иштерине жакындан колдоо көрсөткөн жергиликтүү ишкерлерге ИИМдин жана Жалал-Абад облустук милициясынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык бийлик өкүлдөрү аймактарда элдин арыз-муңун угушууда.

Пикир

Оставить комментарий