• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ башчысынын орун басары «Сакалды» аймактык милиция бөлүмчөсүнүн ачылышына катышты

Коом 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-июль күнү ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында Ноокен районунда болуп, «Сакалды» аймактык милиция бөлүмчөсүнүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу аземге Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Ашим Тагаев, Ноокен районунун акими Нурлан Шаршеналиев, айыл өкмөт башчылары, айылдык депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Милиция бөлүмчөсүнүн ачылышында Октябрь Урмамбетов имаратты курууга салым кошкон инсандарга, куруучу компаниянын жетекчилигине КР ИИМнин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалын жана ардак грамоталарын тапшырып, жаңыдан салынган заманбап имаратты курууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, айылдык депутаттардын жана тургундардын салымы зор экендигин баса белгилеп, аларга ыраазычылыктарын билдирип өттү.

Андан соң, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов милиция бөлүмчөсүнүн имараты жана түзүлгөн шарттары менен жеринде таанышып чыгып, милиция бөлүмчөсү аталган аймактагы коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана болтурбоодо, ар кандай алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө натыйжа берерин айтып, кызматкерлерге эл менен жакындан иш алып баруу керектигин белгиледи. Ошондой эле РИИБдин өздүк курамы менен жолугушуп, кызматкерлерге шарт түзүүдө көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат берүү менен бирге, бир катар тапшырмаларды да коюп өттү.

Белгилей кетсек, аталган милиция бөлүмчөсүн куруу үчүн 2015-жылдын 4-августунда жергиликтүү бийлик тарабынан 0,05га жер тилкеси бөлүнүп берилген. 2019-жылдан тартып бөлүмчөнү куруп ишке берүү максатында айыл өкмөттөр тарабынан 400 миң сомдон ашуун акча каражаты бөлүнүп берилген болсо, ал эми 2020-жылы Ноокен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 1 млн 850 миң сом акча каражаты каралып, андан сырткары ашар жолу менен да жергиликтүү тургундар куруу иштерине салым кошушуп, натыйжада имаратты куруу иштери толугу менен аяктаган.

Учурда “Сакалды” аймактык милиция бөлүмчөсүндө жалпы 9 кызматкер эмгектенип, алар Сакалды жана Арал айылдарынын 23 миңден ашуун калкын тейлеп келишет. Бөлүмчө РИИБден 15 чакырым аралыкта жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий