• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан тарта 2,3 миң адам ишке орноштурулду

Коом 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 2,3 миң адам жумуш менен камсыздалган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дагы 1,5 миң адам кесиптик окутууга жиберилген, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган. Окутуу эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерде - медициналык айым, компьютердин оператору, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюрист, массажист, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, электрогаз ширеткич, слесарь-сантехник кесиптеринде өткөрүлдү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыл башында Кыргызстанда экономикалык активдүү калк 2,6 млн адамды, иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 97,8 миң адамды түзгөн.

Республика боюнча жумушсуздуктун расмий деңгээли экономикалык активдүү калктын санынын 2,8 пайызын түздү.

Ошол эле учурда жумушсуздуктун төмөн деңгээли Бишкекте (1,2%) жана Чүй облусунда (1,4%) белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий