• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ШИИББи: Россиялык ишкерге кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 11.08.18 /Кабар/. Бишкектеги россиялык ишкерге кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 10-августта саат 11:30 чамасында милицияга Исанов көчөсүндө катууүн угулганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жана милициянын кызматкерлери жиберилген.

Жардыруу болгон жер курчоого алынган. Ал жерде тергөөчүлөр жана эксперттер иштешкен. Окуянын күбөлөрү жана жакын жердеги үйлөрдүн жашоочулары суракка алынган.

Жанынан жардыргыч зат жарылган жаран медициналык кызматкерлер тарабынан текшерилип, үйүнө жөнөтүлгөн. Жардыруу болгон жерде жабыркагандар жок.

Учурда ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий