• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда куралды мыйзамсыз сактап жүргөн 21 мергенчиге айып салынды

Коом 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. 13-14-июль күндөрү Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан "Арсенал" рейддик иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анн алкагында район аймагындагы уруксат берүү системасынын каттоосунда турган курал-жарактардын сактоо мөөнөттөрү, сактоо эрежелери текшерилип, уруксат кагаздарынын мөөнөттөрү өтүп кеткен 21 мергенчиге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол түзүлүп, айып пулдар салынды.

Ошондой эле милиция кызматкерлери катталган кылмыштардын бетин ачуу, укук бузууларга жол бербөө максатында топторго бөлүнүп иш алып барышты.

Бул иш-чарада жер-жерлердеги милиция кызматкерлери мобилдик топторго бөлүнүп, аңчылык дүкөндөрдү, жардыруучу, күчтүү уулуу затттарды сактоочу кампаларды текшерип чыгып, Көтөрмө айыл аймагына караштуу "Дугаба" жайлоосунда Х.М. аттуу жаран мыйзамсыз ТОЗ-8 калибр-5.6 сайлуу жана Калибр-16 сайсыз ок атуучу куралдарын мыйзамсыз сактап жүргөндүгүн аныктады.

Бул факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий