• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Айдоочуну жекеге чакырган инспектор жумуштан кетти

Коом 0

Бишкек, 21-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Айдоочуну жекеге чакырган Чүй облусунун патрулдук милиция кызматкери Анардин Уметов кызматынан кетти. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомстводон билдиргендей, патрулдук милиция кызматкери байланышкан окуя боюнча кызматтык териштирүү башталган. Анын негизинде ИИМдин ички буйруктарын, Кесиптик этиканын кодексин одоно бузгандыгы үчүн ИИМдин буйругу менен Чүй облусунун патрулдук милициясынын кызматкери Анардин Уметов кызматынан алынган.

Бул иш боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.

“Бардык патрулдук милиция кызматкерлери кызматтарын өз ыктыярлары менен аткарат. Жарандардын укугун коргоп, коомдук тартипти, жолдо жүрүүнүн коопсуздугун сактаганга бардык күч аракеттерин жумшайт. Бир инспектордун кыймыл аракети коомчулук тарабынан жалпы патрулдук милиция кызматкерлеринин абалы катары кабыл алынбашы керек”, - деп жазылат ИИМдин маалыматында.

Эскерте кетсек, интернетте Таалай Жунушов аттуу айдоочу видео жайгаштырган.

Анда Искра айылында патрулдук милиция кызматкери менен айдоочунун ортосунда пикир келишпестик орун алып, ПМ кызматкери айдоочуну коркутуп үркүтүп, куралын дагы алып чыкканы тартылып калган. Бул видеодон соң ал кызматкердин үстүнөн кызматтык иликтөө башталган болчу. Эскерте кетсек, кечээ, патрулдук милиция кызматкери Анардин Уметов жолдордогу коопсуздукту көзөмөлдөөдөн убактылуу четтетилгени кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий