• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын түрк күрөшү боюнча курама командасы Ысык-Көлдө машыгуусун өткөрдү

ДКО 2018 0

Бишкек, 10.08.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ашыртмалы аба гюреши (түрк элинин улуттук күрөшү) боюнча курама командасы 18-июлдан 2-августка Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдануу максатында окуу-машыгуусун төмөнкү курам менен өткөрүштү.

1. Садыралы уулу Нурлан 1995 ж.т.
2. Темирлан Термесов 1997 ж.т.
3. Тариел Усенов 1990 ж.т.
4. Эсенбек уулу Тамчы 1996 ж.т.
5. Нияз Курманкулов 1969 ж.т.
6. Бейбарс Чоокбаев 1996 ж.т.
7. Ильич Дыйканов - машыктыруучу

Кыргыз Республикасынын ашыртмалы аба гюреши боюнча курама командасынын окуу-машыгуусун өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынан 109 миң сом бөлүндү.

Ашыртмалы аба күрөшү – түрк элинин улуттук күрөшү. Ошондой эле кийимчен балбандар кармашкан байыркы жана алгачкы күрөштөрдүн катарында. Бул күрөш аскердик даярдыктарда колдонулган. Атаандаштын кийиминин жана денесинин каалаган жеринен кармап жыгуу Ашыртмалы аба күрөшүнүн негизги өзгөчөлүгү.

Күрөшүү техникасы бутту колдонуу, белден жана чапандан же бир бутунан жана белинен кармап жыгуу сыяктуу ар түрдүү ыкмаларга бай. Кармашуу улуттук аспаптар барабан жана үйлөмө аспаптардын чертилүүсү менен коштолот. Балбандар кой терисинен (аба) жасалган, колдор үчүн кесилген жырыгы бар кыска жамынма же чапандарды кийип кармашууга чыгышат.

Пикир

Оставить комментарий