• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Муздак рационалдуулук доорунда ДКО адамдын баалуулуктарын жана рух биримдигин көрсөттү – Түмөнбаев

ДКО 2018 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Муздак рационалдуулук доорунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адамдын баалуулуктарын жана рух биримдигин көрсөтүштү. Бул тууралуу “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келечектеги гармониялуу дүйнөнү куруу үчүн үлгү катары” аттуу тегерек үстөлдүн жүрүшүндө президенттин аппаратынын өкүлү Шаазадан Түмөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коомдо көчмөндөрдүн каада-салттары жана маданияты кайрадан жаралды.

“Көчмөндөр оюндары масштабдуу иш-чарага айланды. Кыргызстанда дүйнөнүн бардык бурчунан өкүлдөр чогулушту. Өлкө жетекчилери, мыкты спортчулар, маданий ишмерлер жана окумуштуулар келишти. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулук бир тилде сүйлөшө албайт. Күчтүү мамлекеттер ар кандай баалуулуктар боюнча бөлүнүп алган. Муздак рационалдуулук доорунда көчмөндөр оюндары адамдын баалуулуктарын жана рух биримдигин көрсөттү. Биз бири-бирибизге болгон сый-урматты, улууларды урматтоону, Ата мекенибизди жана намысыбызды коргоону көрсөтө алдык”, - деп кошумчалады ал.

Түмөнбаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү тууралуу чечим 2012-жылы түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитинде кабыл алынгандыгын белгиледи.

“Биздин президент белгилегендей, биз бүгүн көчмөн цивилизациясынын сакталып калган салттарын жана маданиятын эле көрсөтпөстөн, аларды жаңы муунга жана дүйнөгө өткөрүп бердик”, - деп кошумчалады ал.

Президенттин аппаратынын өкүлү спорттук мелдештер адилеттүү өткөнүн белгиледи.

“Буга көптөгөн байгелүү орундарды башка өлкөлөрдүн спортчулары дагы утканы далил”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий