• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын көрүнүктүү өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп калды – профессор

ДКО 2018 0

Бишкек, 28.09.18. / Кабар/. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын көрүнүктүү өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп калганы талашсыз”, - деп билдирди философия илимдеринин доктору, профессор Магира Амирдинова “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келечектеги гармониялуу дүйнөнү куруу үчүн үлгү катары” аталышындагы тегерек үстөлдүн жүрүшүндө.

Ал андан сырткары оюндар Кыргызстанда ушундай деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлө ала турганын көрсөткөнүн белгиледи.

“Баарынан мурда кеп биздин каада-салттардын заманбап дүйнөдө жайылуу форматы тууралуу болуп жатат. Эң башкысы биздин маданиятыбызды, кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын көрсөтүү керек болчу. Биз кийимдин түрү, тамак-ашты жасоо, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана башкалар тууралуу айтып жатабыз”, - деди ал.

Амирдинова билдиргендей, Ысык-Көлдүн жээгинде меймандостук көрсөтүлдү.

“Иш-чара Ысык-Көл облусу үчүн экономикалык жактан алып караганда инфраструктураны жакшыртуу жагынан пайдалуу болду. Ал эми мамлекеттик өнүгүшү жагынан алып караганда - мындай иш-чараны улуттук деңгээлде өткөрүүгө болот экен деген улуттук аң сезимдин өскөндүгүн айта кетүүгө болот”, - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий