• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

III ДКО учурунда Кыргызстанга 600дөн ашуун чет элдик журналист келди

ДКО 2018 0

Ысык-Көл, 08.09.18 /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда 56 өлкөдөн 600дөн ашуун журналист иш-чараны чагылдыруу үчүн келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, III ДКОну чагылдыруу үчүн 56 өлкөдөгү 177 чет элдик ЖМКдан 604 журналист келген.

"Быйыл 50 өлкөдөн 500 журналист келет деген план койгонбуз. Кечээ биз жыйынтык чыгарып жатып биз күткөндөн дагы көп журналист келгенине күбө болдук. Бул жакшы жыйынтык деп эсептейбиз. Себеби ар бир журналист өз өлкөсүнө барып Кыргызстанда өткөн оюндар тууралуу материал жасашат. Уюштуруу комитети журналисттер үчүн жакшы шарттарды түзүп берди. Биз чет өлкөлүк журналисттерден ыраазычылык сөздөрүн укканыбызга кубандык. Эки пресс-борбор күнү-түнү иштеди. Ал жакта жумушчу орундары берилип, ЖМК кызматкерлери материал жасап жатышты", - деди Темирбекова.

Эске салсак, Ысык-Көлдө 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүдө. Бүгүн Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында жабылыш аземи болот. Анын жүрүшүндө 2020-жылы Көчмөндөр оюндары өтө турган Түркияга эстафета берилет.

Пикир

Оставить комментарий