• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктар Көчмөндөр оюндарында 100 медаль утушту, анын 40ы - алтын

ДКО 2018 0

Бишкек, 08.09.18 /Кабар/. Кыргызстандын курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде биринчи орунда турат, алар 100 медаль утуп алышкан. Бул тууралуу Оюндардын катчылыгынан билдиришти.

Кыргызстандыктар утуп алган 100 медалдын 40ы - алтын, 30у - күмүш жана 30у - коло.

Медалдык эсепте экинчи орунду Казакстан 69 медалы менен алган. Анын 16сы - алтын, 24ү - күмүш, 29у - коло. Россиянын командасы 52 медалды багындырып үчүнчү орунду алган. Анын 16сы - алтын, 11и - күмүш, 25и - коло.

Төртүнчү орунда Түркмөнстандын курама командасы турат (10 алтын, 5 күмүш, 12 коло). 5-орунда Өзбекстандын курама командасы турат. Ал 7 алтын, 8 күмүш жана 18 коло уткан.

Пикир

Оставить комментарий