• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ДКО: Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы жарым финалга чыкты

ДКО 2018 0

Бишкек, 05.09.18 /Кабар/. Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы топто эки жолу жеңишке жетип, Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жарым финалга чыкты.

Биринчи оюнда кыргызстандыктар Монголиянын командасын 29:5 эсебинде утушкан. Бүгүн Алтайдын командасынын оюнчулары Кыргызстандыктарга каршы оюн талаасына чыгышпагандыктан, калыстар аларга техникалык утулуу деген чечим чыгарышты.

Жалпысынан көк бөрү боюнча 4 топко бөлүнгөн 12 команда күч сынашат. Жарым финалга өздөрүнүн топторунда биринчи орунду алган командалар чыгышат.

Чучугулактын жыйынтыгы боюнча топтор төмөндөгүдөй бөлүнгөн:

A тобу: Кыргызстан, Алтай, Монголия

B тобу: Москва, Кытай, Афганистан

С тобу: Казакстан, АКШ, Красноярск

D тобу: Башкирия, Франция, Өзбекстан

Пикир

Оставить комментарий