• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шавкат Мирзиёев Тажикстанда ТАЛКО заводуна барды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев Тажикстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Тажик алюминий заводун кыдырды.

Шавкат Мирзиёев Эмомали Рахмондун коштоосунда ТАЛКО компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Тажикстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, «ТАЛКО ГУРУХ» («Талко Группасы») компаниялары жана цехтеринде 13 миңден ашуун киши эмгектенет жана жогору маяна алышат. Компаниянын эл аралык рынокто көптөгөн кардарлары бар.

Былтыр Ташкент бир нече жолу Борбор Азиядагы алюминий чыгарган жалгыз ишкана Тажикстан менен Өзбекстан аймактарын булгап жатканын билдирген. Тажик алюминий заводу Өзбекстан менен чектеш Турсунзаде шаарына жакын жайгашкан. Сурхандарья облусунун калк жыш отурукташкан райондору менен ишкананы болгону 18 чакырым аралык бөлүп турат.

27-сентеябрда «ТАЛКО» компаниясы өзбекстандык Krantas компаниясы менен бирге жүк ташуучу унааларды чыгарууга киришти. Салтанатка Эмомали Рахмон менен Шавкат Мирзиёев катышты.

Расмий маалыматтарга караганда, биргелешкен ишкана крандын 12 түрүн курайт. Мындан тышкары коммуналдык жана курулуш транспортторунун 40 түрүн чыгарат. «ТАЛКО» алкагында жүк ташуучу унааларын өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана куруу үчүн 3,5 миллион доллар инвестиция жумшалууда.

Пикир

Оставить комментарий