• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиялык Монгуш Айдын көчмөндөрдүн улуу күрөшчүсү аталды

ДКО 2018 0

Ысык-Көл, 08.09.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын "Көчмөндөрдүн улуу күрөшү" наамын россиялык спортчу Монгуш Айдын жеңип алды.

Улуу балбандын наамын алуу үчүн эң күчтүү спортчулар күч сынашкан. Жеңүүчү аталган россиялык Монгуш Айдын буга чейин III ДКОнун сумо боюнча турниринде жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, көчмөндөрдүн улуу күрөшчүсүнүн ысымы улуу көчмөндөрдүн китебине киргизилет. Андан тышкары ал 1 миллион сом жана улуу көчмөндүн курун алат.

Пикир

Оставить комментарий