• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ДКО: Кыргызстан, Москва, Өзбекстан жана Казакстан көк бөрү боюнча жарым финалга чыгышты

ДКО 2018 0

Бишкек, 05.09.18 /Кабар/. Өзбекстандын жана Казакстандын көк бөрү боюнча курама командалары өздөрүнүн топторунда биринчи орундарды алып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарым финалына чыгышты.

Жалпысынан медалдар үчүн 4 топко бөлүнгөн 12 команда күч сынашты. Жарым финалга өздөрүнүн топторунда биринчиликти алган командалар чыгышты.

Өзбекстандын курама командасы биринчи оюнда Башкортостандын командасын 19:1 эсебинде уткан. Экинчи оюнда өзбекстандыктар Франциянын курама командасын 19:6 эсебинде утушту.

Казакстан биринчи оюнда Россиянын Красноярск шаарынан келген команданы 15:3 эсебинде, АКШнын курама командасын 20:9 эсебинде утту.

Буга чейин турнирдин жарым финалына Кыргызстандын жана Россиянын Москва шаарынан келген командалар чыгышкан.

Чучугулактын жыйынтыгы боюнча топтор төмөндөгүдөй түзүлгөн:

А тобу: Кыргызстан, Алтай, Монголия,

В тобу: Москва, Кытай, Афганистан,

С тобу: Казакстан, АКШ, Красноярск,

D тобу: Башкирия, Франция, Өзбекстан.

Пикир

Оставить комментарий