• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кубатбек Боронов: ДКО спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет

ДКО 2018 0

Чолпон-Ата, 02.09.18. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКО) спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ысык-Көлдөгү III ДКОну чагылдыруу үчүн келген чет өлкөлүк жана атамекендик журналисттер үчүн берилген биринчи маалымат жыйында билдирди.

Дээрлик 1,2 миңден ашуун чет өлкөлүк жана атамекендик ЖМК өкүлдөрү үчүн брифинг Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ден соолукту чыңдоо борборунда өттү.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Боронов көчмөндөр оюндарынын коноктору менен жылуу саламдашып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – Кыргызстандын жаңы тарыхында кала турган чоң окуя экендигин баса белгилеп өттү.

“Бул ири эл аралык долбоор спорттун улуттун түрлөрүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет”, - деп билдирип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын “Күч биримдиги. Рух биримдиги” урааны жана көчмөндөр оюндары Кыргызстан тарабынан демилгеленип, алгачкы болуп өткөрүлгөндүгү тарыхта кала тургандыгын айтты.

Биринчи вице-премьер-министр өз сөзүндө билдиргендей, Ысык-Көл облусундагы бардык спорттук жана маданий объекттер оюнду өткөрүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий