• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери мыйзамсыз аңчылык кылган 32 факты аныкталды

Коом 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери мыйзамсыз аңчылык кылган 32 факты аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов кабарлаган.

Анын айтуусу боюнча, 2019-жылдын биринчи үч айында аңчылык кылуунун талаптарына жооп бербеген 32 факты аныкталган. Андан келтирилген зыян 1 млн. 41 миң 455 сомду түзгөн.

24 иш боюнча 271 миң 655 сом кайтарылган, жаныбарлар дүйнөсү боюнча 1 млн. 18 миң 955 сомго 30 протокол толтурулган. Ал эми 22 миң 500 сомго башка бузуулар - 2 иш.

“Сот менен прокуратурага 689,5 миң сомго зыян келтирилген 4 иш жөнөтүлгөн. Алардын ичинен эки иш боюнча 17 миң сом кайтарылган, 672,5 миң сом суммасындагы 2 иш сот жана прокуратура органдарында каралууда. Андан тышкары, 97 миң 300 сомду түзгөн 6 иш чарбасында калган”, - дейт Рустамов.

Пикир

Оставить комментарий