• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаныбеков: Үч жылда калкты азыктын жети түрү менен толук камсыздоого жетишебиз

Коом 0

Бишкек, 14.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө.

Жыйында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков отчет берди.

“Жакынкы үч жылда өсүмдүк майы, жумурткадан сырткары калкты азыктын жети түрү менен толук камсыздоого жетишерибизди баса белгилеп кетким келет. Бул максатка жетүү үчүн министрликтин толук мүмкүнчүлүгү бар жана республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз деп сиздерди ишендирип кете алам”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн тогуз азык керек. Кыргызстан өзүн азыктын үч түрү: картошка, сүт жана жашылча жемиштер менен гана камсыздай алат. Калган алтоо: буудай, өсүмдүк майы, эт, жумуртка, тоок эти, кант жетишсиз.

Белгилей кетсек, иш-чарада 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулууда.

Пикир

Оставить комментарий