• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта Майыптардын эл аралык күнүнө арналган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Талас шаарында 3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнүнө арналган иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Талас шаарындагы “Бай Терек” ресторанында 18 жашка чейинки майыптыгы бар жарандарга сый дасторкон уюштурулду.

Саамалыктын жүрүшүндө келген коноктор үчүн Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын өнөр адамдары тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.

Иш-чаранын соңунда балдарга демөөрчүлөр тарабынан даярдалган белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, Талас шаарында майыптыгы бар 1500гө жакын жаран бар. Алардын ичинен 292си 18 жашка чейинки курактагы балдар.

Пикир

Оставить комментарий