• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги №70 мектепке окуучулардын жеке буюмдарын сактоочу шкафтар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Бишкектеги №70 мектеп-гимназиясына окуучулардын жеке буюмдарын, кийимдерин, бут кийимдерин жана керектүү формаларын сактоочу темир шкафтар берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, окуу процессине жагымдуу шарттарды түзүү максатында эмеректерди алууга Биринчи май району боюнча муниципалдык администрациясы 2,5 млн сом өлчөмүндө каражат сарптаган.

Белгилей кетсек, жалпы суммасы 2 млн 499 миң сомго 4 секциядан турган 119 темир шкаф сатып алынган. Ар бири 21 миң сомду түзөт.

Тапшыруу аземине Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырова, Биринчи май районунун акими Сарылбек уулу Улан жана акимдин орун басары Айнура Арстамбекова катышты.

Пикир

Оставить комментарий