• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыйкатчы кыргызстандык жүк ташуучуну барымтага алууга байланыштуу абалды көзөмөлгө алды

Коом 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Тажикстандын чек арачылары барымтага алган кыргызстандык жүк ташуучу унаанын айдоочусу Виталий Щульцга байланыштуу абалды көзөмөлгө алды.

КР Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Мамытов Акыйкатчынын аппаратынын профилдик бөлүмүнө КРнын жараны Виталий Щульц жана башка ушул сыяктуу абалга туш болгон Кыргызстандын эл аралык ташууларды жүргүзгөн айдоочуларынын мыйзамдуу кызыкчылыгын, укуктарын жана эркиндигин коргоо боюнча зарыл иштерди жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү өтүнүчү Тажикстандын омбудсмени Умед Бобозода байланышууну тапшырды.

«Азыркы учурда аталган маселе Акыйкатчынын көзөмөлүндө турат», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын бир катар маалымат каражаттары эл аралык жүк ташуучу унаа айдоочусу болуп саналган КР жараны Виталий Шульц Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагында – “Ойбек – Автодорожный” көзөмөл өткөрүү пунктунун жанында (Ташкент облусу) калгандыгы жөнүндө маалымат жарыяланып, Тажикстан Республикасынын чек арачылары ага өлкөдөн чыгып кете албай тургандыгын, анткени "ал Кыргыз Республикасынын аймагында тажик жарандарын жана мүлктөрүн тартып алууга жооп катары барымтага алынуучу болуп саналарын" айтышкан.

В. Щульц КР маалымат агенттиктеринин бирине тажик чек арачылары анын жүктөрүн таштап, Тажикстандын чек арасынан чыгып кете ала тургандыгын айтканын билдиршен. «Кечээ дагы кыргыз номери менен Оштон 8 фура келди, алар дагы Кыргызстандын жарандары, аларга дагы фураларын таштап, өздөрү өлкөдөн чыгып кете алышарын айтышты», - деген ал.

Пикир

Оставить комментарий