• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин жана кеңири күн тартипти белгилешти.

Кыргыз-азербайжан кызматташуусунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду, жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде байланыштардын графиги, анын ичинде министр Руслан Казакбаевдин Азербайжанга боло турган иш сапары талкууланды.

Тараптар саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү жигердүү практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга бекем даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий