• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Манас" аэропортунда тумандан улам учак каттамдары кармалууда. Кимге чалуу керек?

Коом 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда "Манас" эл аралык аэропортунда туман абдан коюу болгондуктан учак каттамдары убактылуу кармалып жатат. Бул тууралуу аталган аба майданынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Москва, Стамбул, Ош, Баткен, Улан-Батор, Үрүмчү каттамдары кармалууда.

"Аба майданындагы каттамдар тууралуу маалыматты 0 312 693109 номерине чалып, билсеңиздер болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий