• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун район-шаарларында өрт жана табийгый кырсыктарын алдын алуу иш-чаралары өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан өрт жана табийгый жаратылыш кырсыгынан жарандарды сак болууга үндөгөн кезектеги алдын алуу иш-чаралары Чаткал, Аксы, Ноокен, Сузак райондорунда жана Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларында жүргүзүлдү.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эл көп чогула турган борбордук базарлардагы сатуучуларга, райондук оорукана кызматкерлерине, мектепке чейинки билим берүү бөлүмдөрүндө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрү иштери жүргүзүлүп, жаш балдарды өрт менен ойноосуна жол бербөө керектиги эскертилип, көзөмөлгө алуу талабы коюлду.

Табийгый жана өрт кырсыгы катталган учурда "112" жана "101" номерлери аркылуу кабар берүү жагы жарандарга эскертилип, атайын өрт кырсыгын алдын алуу багытындагы эрежелерди камтыган нускамалар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий