• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде 90 орундуу оорукананын имаратын бир ай ичинде бүткөрүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Баткенде 90 орундуу оорукананын имаратын бир ай ичинде бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратынан кабар алды.

Жаркынбек Максутов курулушчуларга оорукана курулушун убагында бүткөрүү менен, анын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Баткен шаарында мурдагы облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштыруу иштери кызуу жүрүп жатат.

Оорукана 90 орунга ылайыкташат.

Имаратты оңдоп-түзөөгө мамлекет тарабынан 12 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Курулуш иштерин бир айлык мөөнөттө аяктоо пландаштырылган. Учурда 35 жумушчу иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий